Жапаров “Айтыш Төр” теледолбоорунун жеңүүчүлөрүн сыйлады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык “Айтыш Төр” телесынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жапаров өз сөзүндө “Манас” үчилтиги жана “айтыш” өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргендигин белгиледи.

“Өткөн жылы Мамлекет башчысы “Манас” театрын ачкан болсо, бүгүнкү күндө бул театрда 100дөн ашуун дастанчы, акындар эмгектенет. Быйыл Манас таанууга 6 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнсө, “Айтыш Төр” сынагынын байге фонду 3 миллион сомду түздү. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан бул акчалай сертификаттарды сынактын жеңүүчүлөрүнө зор сыймыктануу менен тапшырам”, — деди Жапаров.

Баш байге 1 миллион сом Акматбек Султановго, 1-орун жана 500 000 сомдук сертификат Кубат Тукешовго, 2-орун жана 350 000 сомдук сертификат Арген Бийрмызы уулуна, 3-орун жана 250 000 сом Чингизхан Кожошовго берилди.

Кошумчалай кетсек сынактын 2-туруна өткөн сегиз акындын ар бирине 100 миң сомдон сыйлыктар тапшырылды.

16 Май 2023 жыл 21:07

Тема боюнча