Кечээ, 2-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимов жана анын жакындары тууралуу «мафия», «клан» деген сөздөрдү айткан.
Бул тууралуу Райым Матраимовдун бир тууган агасы депутат Искендер Матраимов «Азаттыкка» өзүнүн пикирин билдирди.
«Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес», — деген жообун айткан.