Кыргызстан менен Өзбекстан: Достук жана билим берүү тармагындагы жаңы баракча( Видео)

20-август күнү Бишкек шаарында экинчи Zakovat Asian Cup интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары катышып, жаштардын достугун жана интеллектуалдык өнөктөштүктү чыңдоого багытталды.

Турнирге Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, маданият министри Марат Тагаев, билим берүү министри Кендирбаева Догдургул Шаршеевна, ошондой эле эки өлкөнүн жаштары жана коноктору катышты.

Zakovat Asian Cup Борбор Азиянын мыкты акыл ээлерин чогултуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы байланыштарды дагы бекемдеди.

Мындан тышкары, Саида Мирзиёева Бишкектеги сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты талкуулады. Ошондой эле “Woman — Leader Changing the World for the Better” аттуу эл аралык форумга катышып, аялдардын коомдогу ролун бекемдөө жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү боюнча оюн бөлүштү.

Кыргызстандын борборунда өткөн маданий иш-чаралардын бири катары кыргыз жана өзбек артисттери биргелешкен көчө концертин өткөрүштү. Саида Мирзиёева бул иш-чара тууралуу социалдык тармактарда бөлүшүп, Бишкектин көчөлөрү сахнага айланганын белгилеп, кыргыз элинин жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында, Өзбекстандын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон сапары эки өлкө ортосундагы маданий, билим берүү жана достук байланыштарды дагы чыңдады. Булак @ertaisfr

20 Август 2025 жыл 22:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча