ӨМҮРБЕК БАБАНОВ, МАКСАТ АЖЫ ТОКТОМУШЕВ ЖАНА РУСЛАН КАЗАКБАЕВ УМРА САПАРЫНДА

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов жана Руслан Казакбаев Сауд Арабиясына умра ажылыгын өтөө үчүн барышты. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтарда айтылат.

Акыркы мезгилде кыргызстандык саясатчылар жана мамлекеттик ишмерлер арасында умра же ажылык сапарга баргандардын саны көбөйгөнү байкалууда. Айрыкча учурдагы жана мурдагы жогорку кызматтагы адамдар ыйык жерлерден тартылган сүрөттөрдү жана видеолорду коомчулук менен бөлүшүп, сапардын руханий маанисин белгилеп келишет.

Бул көрүнүш коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрымдар муну жеке иш катары кабыл алса, башкалары мамлекеттик кызмат менен диндин ортосундагы чек тууралуу пикирлерин билдиришүүдө.

12 Январь 2026 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча