Парламентке Фаркат Исмаиловдун ордуна жаңы депутат келди

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Чынберди Төлөновго өткөрүп берди.

Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк берилип, төш белгинин үлгүсү тапшырылды.

Ал жасалма диплом табылгандан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна келди.

21 Ноябрь 2023 жыл 20:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча