Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Айпери Медет кызы 16-24-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына 76 кг чейинки салмактык категорияда 1/16 финалынан тарта катыша баштады.
Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.
Экинчи беттешинде кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту. Азырынча спортчунун чейрек финалдагы атаандашынын ысымы белгилүү боло элек.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы чемпионаттын 1/16 финалында канадалык спортчуга жеңилип калган.