Кыргызстандык эки балбан кыз Азия чемпионатында алтын медаль утушту

Кыргызстандык эки балбан кыз Азия чемпионатында (U-23) алтын медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия чемпионатына 68 кг чейинки салмакта катышып, алгачкы айлампада монголиянын балбанына 7:5 эсебинде утулду.

Экинчи айлампада казакстандык спортчуну 1:1 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште индиялык атаандашын 4:3 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону болду. Ошондой эле чемпионатта килемге чыккан Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.

Мындан тышкары, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Азия чемпионатына 72 килограммга чейинки салмакта катышып, алтын медалга ээ болду.

Спортчу биринчи айлампада индиялык балбанды 7:0 эсебинде утту. Кийин казакстандык жана өзбекстандык Светлана Окназарованы 10:0 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону аталды.

Азия биринчилиги Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.

30 Июнь 2024 жыл 16:02

Тема боюнча