
Легендарлуу Португалиялык
футболчу Криштиану Роналду күйөрманын издеп жатат. Футболчу өзүнүн Х баракчасына (мурдагы
Twitter) видео жарыялады, анда оюн учурунда күйөрман эмоциясын тыя албай, көзүнө жаш алып
«Роналду» деп кыйкырган.
«Мен аны издеп жатам! Ал тууралуу кандайдыр бир маалымат айтсаныздар ыраазы болом», — деп
жазды Роналду.
Роналдунун күйөрманы АФК Чемпиондор
Лигасынын алкагында өткөн «Аль-Наср» клубу
менен Ирандын «Эстегляль» клубунун оюнуна
келген.