Балбан Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын байге тагынды. Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 67 килограм салмакта катышкан кыргыз балбаны финалга чейин жетип, финалда грузиялык Гиорги Чхиквадзе аттуу балбан менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болду.