Алайда оор жаракат алган жигит, ооруканага жаткырылды

21-март күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган жаран денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 22-март күнү райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

25 Март 2025 жыл 5:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча