Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына булактар билдирди. Алардын айтымында, борбор калаанын башчылыгына Айбек Жунушалиев дайындалды.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэрин президент дайындайт жана кызматтан бошотот.
Белгилей кетсек, мэриянын басма сөз кызматы бул маалымат боюнча комментарий бере элек, Абдыкадыров өзү телефон чалууларга жооп бербей жатат.