1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу пландалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева ушул тапта Бишкекте 120 мектепте 238 миңден ашык окуучу билим алып жатканын айтты.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, алардын ичинен 24 миң 840 бала 1-класста окуп жатканын билдирди. Расмий маалымат боюнча, сентябрда 2025-2026-окуу жылында 2-класстын окуучуларынын саны 25 миңге жетет деп күтүлүүдө. Ал эми 1-класска кире турган балдардын саны такталып жатат.

“Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен 1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылууда. Себеби булар муниципалдык имарат болгондуктан, бала бакчанын имаратын ижарага алуу деген жок. Имараттар бекер берилет. 1-классты балдар бала бакчада окутулат жана ата-эненин каалоосу менен бала бакчада кечкиге чейин калса болот”, — деди ал.

12 Март 2025 жыл 6:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча