1 млн. сомдук жылкыларды уурдоого шектүү кармалды

Нарындын Жумгал районунда жылкы уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Быйыл март айында белгисиз адамдар Байзак айылынын тургунунун баасы 1 млн сом болгон 5 жылкысын уурдап кеткен. Бул факт боюнча «мал уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мал уурулук кылган деп Тогуз-Торо районунун (Жалал-Абад облусу) 22 жаштагы А.Н. аттуу тургуну шектелип, ал Ысык-Көлдөн кармалды.

Соттун чечими менен шектүү тергөө абагына камакка алынды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

19 Июнь 2024 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча