1-январдан тарта Россияда жүрүү эрежелери өзгөрөт

ТИМ жаңы жылдан баштап Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эске салды.

Министрлик бул өзгөртүүлөр чет элдиктерге карата көзөмөлдү күчөтүүгө багытталганын белгилеген.

ТИМдин маалыматынын негизги учурлары:

1-январдан тарта Россияда жыл ичинде жүрүү мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскарат. Бул документтери жокторго (мисалы, убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим) тиешелүү;

5-февралдан баштап Россияда жүрүүгө (жашоого) мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерди өлкөнүн аймагынан чыгаруу режими башталат;

Россиянын ички иштер органдарына (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарга карата айрым укук бузууларды жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыгарууга укук берилет;

Министрлик жердештерге Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө статусун ылайыктап алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.

28 Декабрь 2024 жыл 19:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча