
Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарынын 11-кичирайонунда жылуулук менен ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.
Өчүрүү саат 09:00дөн 17:00гө чейин аталган кичирайондо,№1,2,3,4,5,6,15,16,17,17/1,17а,18,19,20,20/6,21,22,23,24,25,26,27 турак үйлөрдө жана №94-бала бакчада болот.
Мэрия өчүрүү эски жылуулук түйүнүн жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө алмаштыруу үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирди.
«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы тургундардан ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.