Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлүбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус.