11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда каралат

16-январда милиция үйлөрүн тинтип, өздөрүн кармап кеткен 11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда каралат. Маалыматты журналисттер Сайпидин Султаналиев менен Жоодар Бузумовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков «Азаттыкка» билдирген.

«11 журналисттин ишин туруктуу кароону Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтомду 10-майда Биринчи май райондук соту чыгарган. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун «токтом даттанууга жатпайт» деген өтүнүчүнүн негизинде караган жок. Иштин материалдары соттун кеңсеси аркылуу Ленин райондук сотуна жиберилет. Иш сотко түшкөндөн кийинки он күн ичинде Ленин райсоту алдын ала сот отурумун дайындоого тийиш», — деп түшүндүрдү адвокат Жаныбеков.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган кызматкерлерин 13-мартка чейин камакка алган.

17-январда камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк түрдүү себептер менен сегиз журналист үй камагына чыгарылган. Ушул тапта төрт журналист: “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбай кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков жана 21 жаштагы кабарчы Айке Бейшекеева тергөө абагында отурат.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

29 Май 2024 жыл 10:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча