15 жаштагы кызга нике кыйган молдо кармалды

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында 15 жаштагы кызга үйлөнгөн 21 жаштагы жигит менен аларга нике кыйган имам дагы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жигит 2008-жылы туулган С.Н. аттуу кызга үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган Р.А. кыйган.

Бул факты боюнча 175-берене (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ага ылайык, 21 жаштагы жигит менен 52 жаштагы имам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

20 Октябрь 2023 жыл 13:25

Тема боюнча