“Альянс Алтын” Таластага медициналык окуу жай менен мектепке керектүү техникаларды алып берди

“Альянс Алтын” компаниясы Талас шаарындагы медициналык колледждин жана Аманбаев айыл аймагындагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинин базасын чыңдоо максатында ,  Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге,  окуу жайга керектүү техникаларды тапшырды. 

Медициналык окуу жайга жаңы үлгүдөгү беш даана компьютер, эки интерактивдүү панель тапшырылса, Айтматов орто мектебине эки ноутбук менен бир интерактивдүү панель берилди.

Компаниянын коомчулук менен менен кызматташуу бөлүмү билдирген маалыматка ылайык, демилге эл өкүлү Марат Мураталиев тарабынан сунушталып “Альянс Алтын “ компаниясы тарабынан 611 миң сом каражат жумшалган. Ал эми компания  билим берүү тармагына ар дайым өз салымын кошууга кызыктар экени айтылат. 

28 Май 2024 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча