19-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өткүн өтүп, күн күркүрөйт

18-19-июндагы туруксуз аба-ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору кабарлады.

19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33

Талас аймагында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27

Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 17-июнда күндүз 19°, 18-июнда эртең менен 17,8° болду.

18 Июнь 2024 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча