2-январда үч эм төрөлдү

Шаардык перинаталдык борбордо 2-январда үч эм төрөлгөнүн журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

36 жаштагы аял кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Үчөө тең кыз. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы туруктуу. Келин борборго 28-декабрда кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылып, стационардык дарыланууда болгон. 

3 Январь 2024 жыл 11:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча