22-майда борбор калаанын айрым аймактарында суу жок болот

22-майда борбор калаанын айрым аймактарында суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитет «Сельский» суу топтогучунда жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Эртең саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Туңгуч кичи району, Рухий Мурас жана 44 га конуштары.

«Бишкек суу канал» ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдар менен калкты ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

21 Май 2024 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча