24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшөт жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрдик аралык кыймыл сакталышы зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндуз -7…-12.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -17…-19°, күндүз -4…-6° суук болот.