24 жашын белгилеп жаткан балбан Шаршенбековдун жетишкендиктери….
Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков бүгүн 24 жашка толуп, туулган күнүн белгилеп жатат.
Ал Азия чемпионатында да алтын медаль утуп, жеңишинен кийин укмуштуудай сальтосу менен дүйнөнү суктандырган балбан.
Шаренбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Баласаруу айылында туулган. Ал беш бир туугандын үчүнчүсү.
Спорттук жетишкендиктери:
- Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
- Азия чемпионатынын коло байге ээси (Кытай Тайбэй, 2016);
- Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (Грузия, 2017);
- Азия чемпионатынын күмүш байге ээси (2017);
- Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (Финляндия, 2017).
- Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге ээси (2018-ж., 2021-ж.).
- 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге ээси (2019-ж.).
- Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-ж.)
- Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Монголия, 2022)
- Дүйнөлүк чемпионатта алтын медал (Сербия, 2022).
- Дүйнө чемпионатында алтын медал (Сербия, 2023)
Балбан 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомого да ээ болду.
29 Сентябрь 2023 жыл 12:48