
Блогер, актриса Айпери Чотонованын сүйлөшкөн жигити анын колун сурады. Бул тууралуу Чотонова өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
«Менде сөз жок… бул супер күтүүсүз болду! Көбүнчө саякаттарда жигитим бизди видеого тартып алууну суранат жана бул биздин эстеликтер үчүн жөн гана сүйкүмдүү видео экен дегенмин. Мен болуп көрбөгөндөй бактылуумун! Мен сени сүйөм!