Абактагы журналисттердин ишин Жогорку сот карайт

Журналисттер Махабат Тажибек кызы (иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы) жана Азамат Ишенбековдун иши Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Журналисттердин жактоочуларынын кассациялык арызы боюнча соттук отурум 25-февралда саат 10:30да өтөт.

Фонд Тажибек кызын эркиндикте жаш уулу, ал эми Ишенбековду багып-өстүргөн чон апасы күтүп отурганын белгилейт.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген 11 кызматкеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, суракка алып кеткен. Алардын баары камакка алынган. Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.

Кийинчерээк 11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева камакта калтырылган.

10-октябрда Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын 6 жылга, «Айт айт десе» долбоорундагы акын Азамат Ишенбековду 5 жылга абакка кескен.

Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева да күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан. Аларга 3 жылдык пробация берилип, камактан бошотулган.

18-декабрда Бишкектин соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

17 Февраль 2025 жыл 23:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча