«Абдыш-Ата» 3-жолу Кыргызстандын чемпиону болду

Бүгүн Кант шаарында жаңыланган «Нитро Арена» спорт комплексинде 1XBET Премьер-Лигасы-2024 турниринин алкагында «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» жолугушуусу орун алды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, бүгүнкү Суперклассико беттеши 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү болуп, бүйүр кызыткан жана көз жоосун алган учурларга бай болду.

Талаа ээлери 1-0 эсебинде борбор калаалык клубду жеңип, мөөнөтөн мурда Кыргызстандын чемпиону болушту. Ошентип, «Абдыш-Ата» катары менен үчүнчү ирэт өлкө чемпиону аталды.

Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Ильгиз Садыралиев жана «Абдыш-Ата» футболдук клубунун президенти Советбек Сакебаев катышты.

Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 миң доллар сыйлык сертификатын ыйгарды.

5 Ноябрь 2024 жыл 22:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча