
Белгилүү саясатчы, ЖКнын мурдагы депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 60 жаш курагын белгилеп жатат.
Адахан Мадумаров 1965-жылы 9-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.
Тверь мамлекеттик университетинен «тарыхчы», Кыргыз мамлекеттик университетинен «юрист» кесиптерине ээ болгон.
Эмгек жолу:
1982-1987 — Ош облусунун Өзгөн районундагы совхоздун жумушчусу;
1992-1994 — КРдин басма сөз жана маалымат министринин референти, «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору;
1992-1994 — Мамлекеттик телерадио компаниясынын балдар жана жаштар программаларынын башкы редактору;
1995-2005 — Жогорку Кеңештин алгачкы үч чакырылышынын депутаты. 2006-жылдын апрель айында КР вице-премьер министринин милдетин аткарган;
2006-2007 — Кыргызстандын мамлекеттик катчысы;
2007-2008 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы;
2008-2009 — КР Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
2013-2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.