Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды

2023-жылдын 18-декабрь күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Бул факты Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кызматкерлерге тергөө тапшырмасы берилген.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын ким экендигин жана анын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзө баштайт. Кылмышка шектүү 38 жаштагы Б.А. чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталып, Сузак РИИБдин кызматкерлеринин жардамы менен Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүүнү Сузак районунан кармап келишти.

Бул оор кылмыштын бетинин ачылышына “Сузак» чек ара бөлүгүнүн башчысы өздүк курамы менен биргеликте жардамын берди.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

19 Декабрь 2023 жыл 14:42

Тема боюнча