
Ошто «Тойота» унаасын айлаган аял жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен, алардын бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М.Ж. 5-октябрда Жапалак айылында жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп, жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен. Балдардын бири (2010-жылы туулган) алган жараатынан улам ооруканада каза болду.
Кайгуул милициясынан бул кыз 9-сентябрда дагы жөө өтмөктөн бир адамды сүзгөнүн, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөнүн белгиледи. «Андан кийин ал 15 миң сом айып пул менен кутулду», — деп билдиришти милициядан.
Азыркы учурда унаа айып короосунда турат. Материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыныны Тергөө кызматына өткөрүлүп белрилген.