Айгерим Расул кызы атасынын ден соолугу тууралуу билдирүү жазды

Ырчы Айгерим Расул кызы социалдык тармактагы баракчасына атасы Расул Маматкуловдун ден соолугу бат калыбына келип жатканын жазды.

«Бүгүнкү көз ирмем. Кудайга шүгүр, атамдын ден соолугу бат калыбына келип жатат. Дуба кылып, акыбалын сурап кабатыр болгон элибизге терең ыраазычылык билдирем»,- деп жазды ырчы.

Ырчы айым буга чейин видео менен бөлүшүп, бир ай мурун инсульт алып азыр дарыланып жатканын жазган.

«Бейтаптын акыбалы видеого сөзсүз тартылуусу кажет. Себеби транспортировкада оорулунун акыбалы толугу менен жакындарынын жоопкерчилигинде», — деген ырчынын жакындары.

7 Октябрь 2024 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча