Айсулуу Тыныбекова жолдошун көрсөттү

Жакында эле турмушка чыкканын жарыялаган белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова жолдошун көрсөттү.

«Бүгүн мен сиздер менен жашоомдун эң маанилүү бөлүгү менен бөлүшүүнү чечтим. Бул көпчүлүктү кызыктырган менин жолдошум тууралуу суроолор. Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам. Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз. Менин үй-бүлөм менин бактым»,-деп жазды Тыныбекова

18 Декабрь 2024 жыл 12:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча