Айсулуу Тыныбекованын атынан алдамчылык кылгандар болууда

Айсулуу Тыныбекова эч кандай оюн, сынак жана башка акцияларды өткөргөн эмес. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, интернеттеги шектүү жарнамаларга ишенбөөгө чакырды. 

«Учурда алдамчылык схемалардан коргонуу маанилүү. Ишенимдүү маалымат булактарына ишениңиз», — деген Тыныбекова Фейсбук жана Инстаграмдагы өзүнүн аккаунттарын бөлүштү.

27 Ноябрь 2023 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча