
Көптөгөн чет элдик иш сапарлар пайдасыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда президенттик администрациянын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов коллегияда билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов 2023-жылы Японияда иш сапары менен жалпы 81 күн жүргөн.
«Анын иш сапары 2023-жылдын 14-августунан 2-декабрына чейин созулган. Бул узак иш сапар болгон, бирок министрдин орун басары эч кандай отчет берген эмес. Бул иш сапардан оң жыйынтык болгон жок. Ага кандай чаралар көрүлдү? Ал кызматтан кетиши керек болчу, же натыйжа болбогон иш сапарадан баш тартышы керек болчу»,- деди ал.
Анын айтымында, 2024-жылы ошол эле министрдин орун басары 21 күн командировкада болгон, бирок андан майнап чыккан эмес.