Айылдаштардын чырынан ага-ини жабыркап, иниси каза болгон

Алай районунун Үч-Төбө айылында 18 жаштагы жергиликтүү тургун каза болуп, агасынын башы жарылган. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, каргашалуу окуя 3-ноябрда болгон.

«1994-жылы туулган жигит 1992-жылы туулган айылдашы менен чырдаша кеткен. Мушташ учурунда 1992-жылы туулган жаран башка чапкан. Жабырлануучу үйүнө барганда анын 2005-жылы туулган иниси окуя тууралуу билип, «чечишүү» үчүн 1992-жылы туулган жарандын үйүнө барган. Уруш учурунда 18 жаштагы жигитке бычак сайылган. Кесепетинен ал каза болгон. Шектүүнүн унаа менен из жашырганы маалым болгон. «Перехват» жарыяланып, шектүүнү кармашкан. Учурда каза болгон жигиттин агасы ооруканада»,-деп айтылат маалыматта.

6 Ноябрь 2023 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча