Айзада Жамгырчиеванын жолдошу кыргыз эмеспи?

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына сөйкө салуу салты болуп өткөнүн жазып, видео менен бөлүшкөн.

Бүгүн, 19-апрелде соцтармактагы баракчасында көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди.

«Ар бир куттуктоо ээсине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Баарыңыздарга жекеме жеке жооп бере албай калсам кечирим сурайм.

Жолдошум экөөбүздүн жаңы жашообузга колдоо, каалоо жазган досторума алкыш. Үй-бүлөлүк жашоого аттанып жатып, көп берилип жаткан суроолордун бир нечесине жооп берип кетейин деп чечтим…

 Жолдошуң кыргыз эмеспи?
— Нукура кыргыз 100%. Атты сүйгөн, кыргыз элине өзүнүн тармагында кызмат кылган, баатыр от жигит.

-Чын эле турмушка чыктыңбы же пранкпы?
— Жок, чын! Алланын буйругу менен

-Той качан?
— Азыр мен жеке жашоомо жана окууга байланыштуу АКШ кошмо штаттарындамын. Кыргызстанга келгенде буюруса болот…

Жолдошуңду көрсөт да?
— Жолдошум чыгармачылыктан алыс жана жарнама болгусу келбейт. Демек мен анын тандоосун сыйлам!

19 Апрель 2024 жыл 17:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча