Ак-Буура дарыясы ташып, Ош шаарын суу каптады

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Буура дарыясы ташып, Ош шаарын суу каптады. Кырсыктын видеолору социалдык тармактарда жарыяланууда.

Жергиликтүү жашоочулар борбордук базар менен Южный кичи районундагы жолду суу каптаганы, сел автоунааларды агызганын кабарлашты.

ӨКМ Кара-Суу районунда эки унаа агып кеткенин кабарлап, жеринде куткаруучулар жана техника иш жүргүзүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, Төлөйкөн жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайынан 420 адам эвакуацияланганы маалымдалды.
Ошондой эле суу турак үйлөрдү, короолорду жана жолдорду каптап жатканы айтылды.

14 Июль 2024 жыл 17:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча