Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде аукцион өтүшү керек.
Эскерте кетсек, аукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.