Ак-Суу районунда мечиттердин садага кутучаларынан акча уурдоого шектелген жаран кармалды

Ак-Суу районунда мечиттердин садага кутучаларынан акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ак-Суу районунун Жолголот жана Теплоключенка айылдарындагы төрт мечиттин садага кутучалары белгисиз адамдар тараптан талкаланып, ичиндеги акчалардын уурдалышы боюнча фактылар Ак-Суу РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Аталган фактылардын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну кармалган. Алдын ала суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

20 Декабрь 2024 жыл 9:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча