Акбар Рыскулов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Акын жана жазуучу Акбар Рыскулов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу, бүгүн 23-декабрда президенттик администрациядан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн — Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун жана пленумунун мүчөсү, жазуучу Акбар Рыскулов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды», — деп жазылат маалыматта.

23 Декабрь 2024 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча