Актауда учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жараны эсине келди

Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү максатында ӨКМдин куткаруучулары, медициналык кызматкерлери жана жабыркаган Ринат Асановдун бир туугандары учуп барышты.

“Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азербайжан жана Казакстандын ӨКМи менен биргеликте иш алып барып жатат. Бүгүн дарыгерлердин консилиумунда жабыркаган жарандарды мекенге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Дарыгерлер жабаркагандардын абалдары туруктуу, аны менен катар көзөмөл керек экенин билдирүүдө”,-дешти ӨКМден.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Кыргызстандын жарандарын жаңы жылга чейин мекенге алып келүү жана керектүү жардамды көрсөтүү үчүн бардык күч-аракет жумшалат.

29 Декабрь 2024 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча