Саясий коррупция болгон жерде уюшкан кылмыштуу топ сөзсүз аралашат. Анткени УКТ саясий коррупциянын негизи же бир тууганы. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйында билдирди.
«Садыр Жапаров мамлекеттин иретке келтирүү үчүн экономиканы мага, күч блогун Камчыбек Ташиевге берген. Уюшкан кылмыштуу топ менен болгон күрөш бул мамлекетке салык төлөтпөй жүргөн «крышалар» менен болгон күрөш»,- деди ал.