Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын маарекесине баргандыгы тууралуу маалымат айтылды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Акылбек Жапаровдун мындан бир нече жыл мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын 70 жылдык мааракесине катышканы тартылган видеого комментарий берди.

Белгилей кетсек, Көлбаевдин апасынын 70 жылдык мааракеси 2018-жылы өткөрүлгөн.

Орунбековдун айтымында, Жапаров тойго кошунасы катары чакырылган.

«Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.
Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деп жазды ал.

9 Ноябрь 2023 жыл 14:05

Тема боюнча