Акжол Махмудов бүгүнтөн тарта кийинки Олимпиадага даярдык көрөрүн айтты

«Эл күткөн алтынды ала албай, ишеничти аткара албай калдык деп өзүмдү күнөөлүү сезип жатам». Бул тууралуу Олимпиадада коло медаль жеңген Акжол Махмудов эл алдында сүйлөп жатып билдирди.

«Бир эле нерсени айткым келип турат, эмки Олимпиадага талыкпай эмгек кылам. Эл күткөн алтынды ала албай, ишеничти аткара албай калдык деп өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Кийинкиде алтын алганга толук аракетимди жумшайм. Бүгүндөн тарта даярданам»,- деди Акжол Махмудов. 

13 Август 2024 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча