
Министрлер кабинети “Ала-Арча” көрүстөнүнө башка аймактан жер берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарындагы “Ала-Арчада” сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгы белгиленди. Буга байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагынан 22 гектар жер бөлүп, ошол жакка жылдырылат. Буга чейин аталган жер айыл чарба багытында колдонулуп келген.