Алай районунда кар жаады (видео)

Алай районунда кар жаады. Жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Алай районуна караштуу Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда (170-250-чакырымдар аралыгы) жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн жерине #960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен атайын техникалар тартылды.

4-июнга караган түнү жаап баштаган кардын калыңдыгы 10 смге жетти. Азыркы тапта да күн бүркөө. Жолдор ачык, каттам бар.

Жогоруда аталган тилкеде интернет байланышы жок болгондуктан кошумча маалымат жана видео материалдар берилет.

" data-instgrm-version="14" style=" background:#FFF; border:0; border-radius:3px; box-shadow:0 0 1px 0 rgba(0,0,0,0.5),0 1px 10px 0 rgba(0,0,0,0.15); margin: 1px; max-width:540px; min-width:326px; padding:0; width:99.375%; width:-webkit-calc(100% - 2px); width:calc(100% - 2px);">
4 Июнь 2024 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча