Алайкууга электриктер улуу карды жиреп барып элди жарыктык менен камсыздашты

ӨКМдин шашылыш билдирүүсү боюнча 17-18-19 февраль аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү менен суу аралаш кар жаап, Кара-Кулжа районун Алайкуу өрөөнүндө 17-февраль күнү саат 6:00 чамасында жарык үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан маалымдашты.

Авариялык кырдаалды калыбына келтирүү үчүн Кара-Кулжа РЭТинин “Терек” бөлүмүнүн устаты Бакыт Курбантаев баш болгон электр эпкерлер карап, кыдырууга чыгышкан. Натыйжада үзгүлтүккө учураган аба чубалгыны таап оңдоп, жарык берилген.

18 Февраль 2024 жыл 14:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча