Алдыдагы аптада кандай аба ырайы күтүлөт?

Алдыдагы аптада, тагыраагы, 9-15-март аралыгында, жалпысынан күн ачык болуп, айрым аймактарда гана жаан-чачын жана кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 9-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй жана Талас

Чүй, Талас облусунда 9-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Андан ары апта соңуна чейин күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Ош, Баткен облустарында 9-12-мартта жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. 13-15-мартта күндүн көзү ачылат. Ал эми Жалал-Абадда 9-10-мартта гана аба ырайы начар болуп жаан-чачын күтүлүүдө. 11-марттан баштап жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл жана Нарын

Нарын облусунда жаан-чачын ыктымалдуулугу 9-мартка, Ысык-Көлдө 10-мартка чейин сакталат. Калган учурда күн ачылып, абанын температурасы көтөрүлө баштайт.

9 Март 2025 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча