Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындады.
Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап, ЖК депутаты да болгон.