Алмамбет Шыкмаматов унаа салыгын алып салууну сунуштады

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов унаа салыгын алып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Ал 2025-жылдан тарта жаңы жыйым кирип, ар бир литр күйүүчү майдан 1 сомдон алына баштай турганын, андан түшкөн акча жол оңдоого жумшала турганын айтты. Бирок буга чейин ошол эле максатта киргизилген унаа салыгы бар экенин, кош салык болбошу үчүн аны жоюу керектигин билдирди. Анын айтымында, унаа салыгы жергиликтүү бюджеттерге түшкөндүктөн, акча жол оңдоого эмес, башка иштерге жумшалып кетүүдө.

«Эки жолу салык алынбашы үчүн унаа салыгын алып салыш керек. Бул менин жеке пикирим», — деди ал.

24 Декабрь 2024 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча